Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматынын Ноокен райондук бөлүмү алимент төлөөдөн качкан карызкорго карата чараларды көрдү.
Маалыматка ылайык, карызкор Э.Т.П. Ноокен райондук сотунун чечимине ылайык белгиленген алиментти узак убакыт төлөбөй келгендиктен, ага кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында карызкордон 588 миң сом алименттик карыз өндүрүлүп, каражат өндүрүп алуучуга толугу менен өткөрүлүп берилди.