• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алимент төлөбөй жүргөн жаран 2 жылга камалды

6 Жалган куран 202613:40 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда алимент төлөөдөн качкан жаран соттун чечими менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран Т.Ш.А. 2018-жылдан бери кирешесинин жарымын алимент катары төлөөгө милдеттендирилген. Бирок ал бул милдетин аткарбай, 2025-жылдын март айына карата карызы 700 миң сомго жеткен. Буга байланыштуу сот аткаруучулар тиешелүү материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп беришкен.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту карызкорго карата пробациялык көзөмөл колдонуу чечимин чыгарган. Бирок Жалал-Абад облустук соту 2026-жылдын 26-февралындагы чечими менен мурунку өкүмдү өзгөртүп, айыпталуучуну сот залынан дароо камакка алуу менен 2 жылга эркинен ажыратты.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөөдөн качкандарга карата мыйзам чегиндеги катаал чаралар мындан ары да ырааттуу колдонуларын эскертет.

Количество просмотров: 158