• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлдү

2 Чын куран 202617:59 Бишкек Govori.TV

Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан ири өлчөмдөгү алименттик карызды өндүрүү иши ийгиликтүү аяктады.

Н.Д.К. аттуу карызкор К.М.Тга 2014-жылдан 2026-жылга чейинки (12 жыл) мезгил үчүн алимент төлөгөн эмес.

Сот аткаруучулардын мажбурлоо чараларынын негизинде 1 млн 373 миң 946 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлдү.

Өндүрүлгөн каражат толугу менен алуучуга өткөрүп берилди.

Теги:
Количество просмотров: 138