2025-жылдын 22-июлунда Ноокен районундагы Массы айылына болгон иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаев менен баарлашкан учурда, анын жер тармагындагы коррупциялык иштерге тиешесинин бардыгы боюнча берилген суроого, А.Бекибаев: «менин коррупциялык иштерге тиешем жок» жана мыйзам бузуулар аныкталса, «жоопкерчиликти тартууга даярмын» деп жооп берген.
Ал эми, текшерүү жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында А.Бекибаев Достук айыл өкмөтүндө (2019-2024-жж.) орун басар, андан кийин айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турган учурлардагы көп сандагы коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Өз учурунда А.Бекибаев турак жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп туруп, муниципалдык жер тилкелерин өзүнө тиешелүү болгон (аффилирленген) жактарга жасалма аукциондор аркылуу арзандатылган баада сатканы аныкталган.
Мисалы:
* Базар баасы боюнча 3,8 млн сом турган 9620 чарчы метрлик жер тилкеси, аффилирленген жакка 209 700 сомго сатылган;
* Аянты 325 чарчы метр болгон жер тилкеси аффилирленген жакка 171 700 сомго сатылган. Ал эми 2019-жылы ал жердин базардагы баасы 438 миң сомду түзгөн.
Ошондой эле жер боюнча кезек күткөндөрдүн тизмелерин аттап өтүп, бурмалоо жолдору менен жерге муктаж болгон тараптарга жерлерди саткандыгы боюнча, ал үчүн сый акысын алып тургандыгы боюнча дагы бир топ фактылар аныкталды
КР КЖК 336-беренеси «Коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Бекибаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ошол эле учурда ашкереленген коррупциялык схемаларга тиешеси бар болгон бир катар жогорку кызматтагы адамдар менен А.Бекибаевтин тыгыз мамилелери аныкталып, аларга карата да иликтөө иштери жүрүп жатат.