Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Айыл чарба министрлигине талапкерлиги сунушталган Эркинбек Чодуев коомчулукта талкууланып жаткан өлкө башчынын кудасы А. Абжалиев менен туугандык катышы бар деген сөздөргө жооп берип, видеокайрылуу жасады.
«Бүгүнкү күндө коомдо айтылып жаткан ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев менен туугандык мамилем жок, кудам дагы эмес. Аны депутат катары гана тааныйм», — деди Чодуев.
Мындан сырткары, Чодуев өкмөт башчынын артып жаткан ишеничин актап, айыл чарбаны көтөрүүгө салымын кошоорун белгилеп өттү.
Эске салсак, бүгун, 29-майда Жогорку Кеңеш Эркинбек Чодуевди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Самат Кылжыевди өкмөттүн аппарат жетекчиси, Санжар Муканбетовду экономика министри, Дастан Догоевди Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кылып дайындоого макулдук берген.