• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алкоголсуз суусундуктарга 78 млн сомдон ашык акциз салыгы чогултулду

1 Жетинин айы 2022 14:19 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын салуу башталган учурдан – 2022-жылдын 1-июлунан тартып 78,4 млн сом чогулткан.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37,1 млн сом акциз салыгын жана импорттолуучу продукцияга – 41,2 млн сомду түзөт.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана Кыргызстандын аймагына импорттоо акциздик салык салынууга жатат.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №94 токтомуна ылайык, акциздин ставкасы 1 литр үчүн 1 сомду түзөт.

Количество просмотров: 62