• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алма-Атада митингке чыккандарды кантип таратышты? (видео)

11 Бугу 2018 9:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.05.18 Govori.tv

Казакстандын Астана жана Алма-Ата шаарларында 10-май күнү «саясий куугунтука алынгандарды колдоо» боюнча митинг болду. «Саясий туткундарга боштондук» деген ураандын алдында Астананын Космонавтар көчөсүнө чыккан адамдарды, полиция кызматкерлери күчкө салып, автобуска жүктөп кетишти.

Ушундай эле митинг Алма-Ата шаарындагы Абай атындагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын алдында да болду. Бул митингдин катышуучуларын дагы полиция кызматкерлери автобуска күч менен салып кетишти.

Эскерте кетсек нааразычылык акциясы Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Казакстан адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык милдеттерин аткарышы керектигин талап кылгандан кийин башталды.

пропорции

Количество просмотров: 7