• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Алмалуу жайлоосундагы өрттөн бир токойчу көз жумду

9 Баш оона 2018 19:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Талас облсунун Манас районуна караштуу Алмалуу жайлоосунун Казакстан менен чектешкен аймагында чыккан өрттү толук өчтү. Бирок тилекке каршы бир токойчу көз жумган. Бул тууралуу Казакстандын Kazakhstan Today маалымат булагы жазып чыкты.
Маалыматта жазылгандай өрт түндө жамгыр жагандыктан өчкөн. Бирок өрт өчүрүү учурунда бир Казакстандык токойчу көз жумган. Ал 1972-жылы туулгандыгы такталды.
Аталган аймактагы тилсиз жоо менен күрөшүүгө Кыргызстандын жарандык түзүмдөрүнөн сырткары жергиликтүү тургундар тартылган. Жалпы жалпы 513 адам тартылган.
Ал эми Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 177 адам жана 1 тик учак тартылган.
Эске салсак, Таластын Манас районундагы Жайылган айыл аймагына караштуу Алмалуу жайлоосундагы өрт 28-июлунда башталган.
Количество просмотров: 27