• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Алмалуу жайлоосунундагы өрт эки тараптан өчүрүлүүдө

7 Баш оона 201814:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.

Таластагы Алмалуу жайлоосунундагы өрт эки тараптан өчүрүлүүдө.Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта, бүгүн 7-август күнү Талас облусунун Манас районундагы Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен (Казакстан менен чектешкен аймак) чыккан өрттү өчүрүү иш-чараларына жалпы 496 адам тартылган.

Саат 13:00дө РӨКОнун 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 38 куткаруучу, КР ӨКМнин 6-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 10 куткаруучу, К ӨКМнин Таш-Көмүр, Кара-Көл шаары жана Токтогул районундагы ӨКБдан 19 куткаруучу, жалпы 67 куткаруучу өрт болгон аймака чыгып кетишкен.

Мындан сырткары Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 148 адам (Жамбыл облустук ӨК департаментинен 77, токой чарбасынан 71 адам) жана 1 тик учак тартылган.

 

Количество просмотров: 14