• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алмамбет Матубраимов: Өлкө партиялык системадан кетиши зарыл

5 Теке 2019 10:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Реформа жүрбөй жатат. Өкмөттү кетирүүгө убакыт келип калды. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда болуп жаткан саясий кырдаалга байланыштуу өкмөттүн, бийликтин кемчиликтери бар. Аларды негизсиз катары каралбай, бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылууларына орду-орду менен так жооп бериши керек.

«Бийлик бутактары кемчиликтерин мойнуна алышы керек. Президент өкмөттүн министрин да кызматтан ала албайт. Түзүмдү өзү өзгөртө албайт. Мамлекетте болуп жаткан нерселерге, коюлуп жаткан дооматтага жооп берип, ачык айтышы керек. Биз ыраааттуу мамлекеттик система түптөй албадык, дайыма аралаш башкарууда келе жатабыз. Бирок мындай башкаруу туруктуу болгон эмес. Мындан улам, президенттик же парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек», — дейт Матубраимов.

Ал мындан сырткары, өлкө партиялык системадан кетиши зарыл экенин белгиледи.

Количество просмотров: 4