• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алмамбет Шыкмаматов: “Вице-спикер алмашса дүйнө астын-үстүн болуп кетпейт”

20 Бештин айы 2018 15:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикерди “КСДП” партиясынан шайлоо тууралуу маселесин талкуулашып, вице-спикерин шайлоону же шайлабоону билишпей көпкө чайналышты.


Депутат Иса Өмүркулов бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды, бирок анын кесиптеши Ирина Карамушкина каршы болуп, төрагадан бул сунушту кабыл албоону суранды.


Бул учурда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бул кырдаалды Кодуранова өзү түшүндүрүп берсин деди.


“Жанар Акаевди фракциядан чыгарып жатканда, башка депутаттар каршы болсо, бул фракциянын иши дегенсиз. Эми болсо партиялаштар дагы бир жолу чогулсун деп жатасыз. Вице-спикер алмашса дүйнө астын-үстүн болуп кетпейт. Добуш берүү керек”,-деди Шыкмаматов.


Акырында депутаттар жаңы вице-спикерди шайлоону чечишти.

Количество просмотров: 33