• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Вице-спикер: Депутаттарды камоо Баш мыйзамга каршы келет

10 Кулжа 2021 12:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева 10-июнда парламент жыйынында соңку учурда парламенттин айрым депутаттарынын кармалышы жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга каршы келерин билдирди.

Анын айтымында бул маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери карап чыгат.

“Жаңы Баш мыйзамдын 78-беренесинде депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурунда кармалбаса, анда көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана аны камоого уруксат берилет. 5-майда жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоо июнда болуп жатат. Ошондуктан бул Баш мыйзамга каршы келет. Башкы прокуратура кармоолор учурда иштеп жаткан кодекстер менен жүрдү деп билдирип жатат. Бирок мындай кырдаалда Баш мыйзам түз иштеши керек”, — деди Касымалиева.

Белгилей кетсек, учурда «Кумтөр» иши боюнча ЖК депутаттары, мурунку депутаттары, экс-өкмөт башчылар кылмыш иштин алкагында камакка алынып, тергөө жүрүүдө.

Количество просмотров: 407