• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Президенттин жанында калпычы кишилер жүрбөшү керек». Вице-спикер Абыкеевди зекиди

8 Кулжа 2023 17:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевди «төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет» деп айткан сөздөрүнө нааразы болду.

«Президенттин жанында алдамчы, калпычы кишилер жүрбөшү керек. Анын жанында чындыкты бетке айткан адамдар жүрүшү зарыл. Сиз ушул жерде калп айтып отурасыз. 4-октябрда өзүңүз каякта жүрдүңүз эле? Сиз качып кетти деген 6-чакырылыштын депутаттары да ушул жерде отурат, бетине айтыңызчы. Айта албасаңыз мен айтып коёюн, башаламандыктан кийин 5-октябрда сүйлөшүүлөр жүрүп, 6-октябрда «Достук» мейманканасына чогулуп спикер Дастан Жумабеков арызын жазып кетип Мыктыбек Абдылдаевди шайлаганбыз. Депутаттар бир ай жок болуп кетти» деп ошондогу чечимдердин баары мыйзамсыз болду деп жатасызбы ошондо? Ар бир сөздү ойлонуп сүйлөш керек. Биз шайлап берген үчүн иш алып барып келе жатышат. Бирөөгө жалаа жапканды токтотуңуздар», — деди вице-спикер.

Ал эми Абыкеев ал сөздү айтпаганын билдирди.

Белгилей кетсек, тармактык комитетте «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда Абыкеев өлкөдө бир нерсе болуп кетсе депутаттар качып кетерин айтып, мындай учурларда курултайчылар чогуларын билдирген.

Количество просмотров: 106