• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Алмашпайт» же «алмашбайт»? Жапаровдун постунан «ката тапкан» активист Осмонов талкууга калды

25 Чын куран 2022 13:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров социалдык тармакта министрлер кабинетинин төрагасы алмашат деген кептер жооп берип, мунун баары калп экенин социалдык тармактагы баракчасына жазган.

“Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай”, — дейт башчысы.

Президент Жапаровдун бул билдирүүсүнөн соң Бишкек шаарынын мурунку мэри Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болгон Асхат Осмонов фейсбуктагы баракчасы аркылуу өлкө башчынын билдирүүсүн сынга алган.

Асхат Осмоновдун президенттин постунан ката тапканы соцтармак колдонуучуларынын талкуусуна алынды.

Ал эми лингвисттер сөздүн уңгусу каткалаң үнсүз менен аяктаса, ага уланган мүчө дагы каткалаң үнсүз менен башталып жазыларын, ал эми сөздүн уңгусу жумшак, уяң үнсүздөр же үндүү тыбыш менен аяктаса, уланган мүчөсү жумшак үнсүз менен баштала бере турганын белгилешет.

Бул тууралуу кеп кылган лингвист-котормочу Бактыгүл Иманбек кызы да президент Садыр Жапаров өз билдирүүсүндөгү «алмашпайт» деген сөздү туура жазганын баса белгилейт.

Теги:
Количество просмотров: 67