• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Алматы-Бишкек жолунда кырсык катталып, тогуз киши каза болду

13 Бугу 201911:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.

Алматы-Бишкек жолунда кырсык катталып, анда тогуз киши каза болгонун Tengrinews.kz Алматы Полиция департаментине шилтеме кылып жазды.

Маалыматка ылайык, 12-майда эртең менен трассанын 109-чакырымында «Lada» жана «Toyota Camry» кагылышкан. Каза болгондордун үчөө аял.

«Каза болгондордун тек-жайы аныкталды. Алар Алматы, Чымкент шаарларынын, Түркстан жана Алматы облустарынын тургундары болгон»,-деп билдирди Алмыты полициясынын басма сөз кызматы.

Баштапкы маалыматка караганда, «Lada» үлгүсүндөгү автомашина рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Факты боюнча экспертиза дайындалып, сотко чейинки тергөө башталды.


Количество просмотров: 14