Алматы полициясы орус полициясынын өтүнүчү менен якутиялык активист Айхал Аммосовду (Игорь Иванов) кармады.
Азыр аны экстрадициялоо маселеси чечилип жатат. Бул тууралуу Orda.kz телеграм каналы Алматы полиция департаментине шилтеме берүү менен билдирди.
Ведомство «экстрадиция маселеси эл аралык келишимдердин негизинде чечилерин» белгиледи.
Аммосов Орусияда “армияны дискредитациялоого” айыпталууда. Мындай мыйзам Казакстанда жок болгондуктан, бул экстрадициялоого мүмкүн болгон беренелердин тизмесине кирбейт.
Аммосовго Якутск шаарында согушка каршы акцияларга катышканы үчүн кылмыш иши козголгон. Ал Якутск шаарынын борборундагы «Самородок» бассейнинин чатырына «Якутский панк против войны» деген жазуусу бар баннерди илип койгон.
Апрель айында орус бийлиги Аммосовду экстремисттердин жана террористтердин тизмесине киргизген.