Тышкы иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Samara Academy уюмунун программалары аркылуу Германияга барган Кыргызстандын жарандарына байланыштуу жаралган жагдай тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.
ТИМден билдиришкендей, министрлик Кыргызстандын Германиядагы элчилиги менен биргеликте жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында зарыл болгон консулдук-укуктук көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында жаралган кырдаалдын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жаңы билдирүүлөр келип түшүүсүнө жараша кошумча маалымат берилет.