Президент Садыр Жапаров “Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам адамдын жашоо — тиричилигин саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка тармактарында эркектер менен аялдарга бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
1) “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызматтан көтөрүлүүдө, ошондой эле эмгек чөйрөсүндө гендердик зомбулуктун жана сексуалдык асылуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу жана гендердик басмырлоо үчүн жоопкерчилик жаатында мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуу бөлүгүндө;
2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын бош кызмат ордуна дайындоодо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн сактоо жөнүндө талапты белгилөө бөлүгүндө;
3) “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мониторингдин, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун механизмин кайра кароо боюнча жоболорду белгилөө бөлүгүндө;
4) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, ушул Кодекстин 189-статьясынын 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү бөлүгүндө, ага ылайык адамдын тең укуктуулугун этиятсыздыктан олутуу залал келтирген бузуу, атап айтканда укуктарын түз же болбосо кыйыр чектөө, анын ичинде укукту ишке ашырууга тоскоолдук кылуу же болбосо андай мүмкүнчүлүктөн ажыратуу же жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша түз же болбосо кыйыр артыкчылыктарды белгилөө үчүн жоопкерчилик белгиленүүдө.