• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алматы шаарындагы жер титирөө. Ооруканаларга 44 жаран кайрылган

23 Үчтүн айы 2024 12:26 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарындагы жер титирөөдөн кийин ооруканаларга 44 жаран кайрылган. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымадады.

Маалыматка караганда, түнкү саат бирден тарта Алматыда жеңил жана орто даражадагы ар кандай жаракаттар менен 44 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алардын 34ү чоңдор болсо, 10у балдар.

«Чоңдордун арасынан үчөө ооруканага жаткырылып, 31и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган 10 баланын ичинен 5и ооруканага жаткырылса, 5и амбулатордук дарыланууга жиберилген”, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 23-январга караган түнү Алматы шаарында да жер титиреге

Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болгон. Анын күчү очогунда 6,7 баллга жетип, Алматыда 5 баллга чейин сезилген.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү — Кумтөрдө – 6 балл, Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында — 4,5 балл, Нарын шаарында — 4 балл, Бишкек шаарында — ​​3 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 132