• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алматыда аскерге барып, төрт күндөн кийин өлгөн жоокердин иши боюнча сот башталды

24 Баш оона 2022 9:32 Бишкек Govori.TV

23-августта Алматы гарнизонунун аскер соту Жамбыл облусунун аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө келип, 4 күндөн кийин каза болгон Алибек Калбайдын өлүмү боюнча ишти карай баштады.

Алибек Калбайдын өлүмүнө 18 жаштагы жоокер Айболат Аманжолов шектелүүдө.

Айыптоо актысын окуган прокурор трагедиялуу окуядан бир күн мурун Алибек менен Айболат мушташып кеткенин, Алибек Калбай оор жаракат алганын билдирди.

Калбайдын жакындары сот жообуна бир гана киши тартылып жатканына нааразы болушту.

“Бир жоокерге гана күнөөнү оодарып, аны жазалоо амалы көрүлүп жатат. Бул ишке аскердик бөлүктүн жооптуу сержанттары менен офицерлеринин да түздөн-түз катышы бар. Сотто айыптуулар аныкталат деп үмүттөнөбүз”, — деди жабырлануучу тараптын адвокаты Гүлайым Шынтаева.

Сот жараяны учурунда 176 күбөнү суроо пландалууда. Жоокердин өлүмүнөн кийин аскер бөлүгүнүн жетекчилигине “Кызматка шалаакы мамиле жасоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Алибек Калбай 18-апрелде кызмат өтөөгө келип, төрт күндөн кийин – 22-апрелде күмөндүү жагдайда көз жумган. Ал таңкы сап учурунда эс-учун жоготуп, госпиталда өмүр менен кош айтышкан. Жоокердин жакындары анын денеси көгөргөнүн, кабыргалары сынган болушу ыктымал экенин билдиришкен.

Количество просмотров: 96