• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токмоктолгон жоокер: Шектүү катары ефрейтор кармалды

9 Аяк оона 202513:24 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 8-сентябрда Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон районундагы 5-кайтаруу батальонунун кароол башчысынын жардамчысы, ефрейтор Т.у.Н. катардагы жоокерге карата физикалык күч колдонуу көрсөткөндүгү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, ефрейтор Т.у.Н. Жалал-Абад шаардык милицисынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иштер боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 174