Аскер бөлүктөгү жоокердин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү катары кармалган М.М. аттуу аскер эки айга, 5-мартка чейин убактылуу кармоо жайына камалды. Анын бөгөт чарасын Манас шаардык соту караган.
Буга чейин Аскер прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү («Өзүнө кол салууга жеткирүү») менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары 2006-жылы туулган М.М. аттуу аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген.