8-мартта Алматыда Чокан Валихановдун эстелигинин алдында миңдей киши чогулуп, аялдар укугун коргоого, алардын саясаттагы ордун камсыздоого чакырган митинг өттү.
Жыйындын катышуучуларынын көбү – жаштар жана кыз-келиндер. Митингге калаа акимчилиги уруксат берген.
Акцияда сөз сүйлөгөндөр аялдардын пенсия курагын төмөндөтүп, 58 жашка түшүрүүнү, аялдарга зордук-зомбулук жасоону токтотууну, аялдарды мамлекеттик башкаруу ишине аралаштырууну талап кылышты.
Катышуучулар “Эркиндик, теңдик”, “Коом аялдар менен эсептешүүгө тийиш”, “Аял баштаган көч алга”, “Саясат – аялдын иши”, “Казакстанды феминизм куткарат” деген ураандарды чакырышты. Митингди полиция көзөмөлдөп турду.
Белгилей кетсек, Алматыда мындай жыйын жыл сайын 8-мартта болот.