Бүгүн,20-мартта ЖКнын жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Мыйзам долбоору менен парламентке шайлоонун жаңы түрүн киргизүү, 30 мандаттуу округ түзүү каралууда. Ошондой эле аялдарга 30 пайыздык квота каралып, муну менен ар бир округдан 1 аял жана 2 эркек шайлана турганы жазылган.
Талкуу учурунда депутат Арсланбек Эгембердиев («Ата Журт — Кыргызстан») кайсы өлкөлөрдө аял депутаттарга квота бөлүнөрүнө кызыкты. Ага жооп берген демилгечилердин бири Улан Примов постсоветтик өлкөлөрдө гендердик квота бар экенин, өнүккөн мамлекеттерде, мисалы Европада мындай нерсе жок экенин айтты.
Ал эми депутат Эгембердиев айымдар эркек талапкерге салыштырмалуу аз добуш алышарын айтып, аялдарга карата өзүнчө өлкө боюнча бир эле тизме түзүп, 20 орун берүүнү айтты.
Депутаттын пикири бир катар талаш-тартышты жаратты.