• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алматыда балдар мектепке юбка кийип барышты

29 Тогуздун айы 2021 18:03 Бишкек Govori.TV

29-октябрда Казакстанда окуучу балдар мектепке юбка кийип барышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 8-класстын окуучусу мектептеги иш-чарага юбка кийип барган. Аны көргөн мугалими баланы мектеп психологуна барууга мажбурлаган. Бала психолог менен сүйлөшкөндөн кийин терезеден секирип өз жанын кыйганы айтылат.

29-октябрда айрым балдар нааразычылык иретинде мектепке юбкачан келишкен. Бир катар мектептерде“Кийимде жыныс жок” деген ураан менен гендердик стереотиптерге негизделген сексизмге жана бейбаштыкка каршы акция өткөн. Аталган акцияга кошулган окуучулардын мектеп жетекчилери ата-энелерине байланышып, балдардын кийимин алмаштырууну суранышкан.

Количество просмотров: 11752