• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алматыда батирине бекинип алып ок аткан киши 17-кабаттан секирип каза болду

26 Чын куран 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

Алматыда көп кабаттуу үйдүн батирине бекинип алып ок аткан киши 17-кабаттан секирип каза болду. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин башчысынын орун басары Рустем Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, маркум бийиктиктен секиргенге чейин аны менен полиция кызматкерлери, прокуратура өкүлдөрү жана тааныштары алты саат сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бирок ал эч кандай талаптарды койгон эмес.

Полициянын маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал киши аңчылык мылтыктан дээрлик 30 жолу ок аткан. Күч түзүм кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын арасында жаракат алгандар болгон эмес. Окуя болуп жаткан маалда көп кабаттуу үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Полициядан билдиришкендей, ага чейин ал адам көп кабаттуу үйдүн күзөтчүсүнө ок атып, аны жарадар кылган. Андан соң 17-кабаттагы батирине бекинип, ал жактан ок ата баштаган. Бутунан жаракат алган күзөтчү ооруканага жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

Полиция азырынча маркумдун мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз экенин билдирүүдө. Департаменттин басма сөз катчысы Салтанат Азирбектин айтымында, имараттан секирген жарандын тек-жайы аныкталган, ал 56 жаштагы адам.

Теги:
Количество просмотров: 411