Казакстандын Алматы облусунда иштеген үч судья жемкорлукка шектелүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, алардын бири – Конаев шаардык сотунун төрагасы «Адам өлтүрүү» беренеси менен каралып жаткан ишти «Кылмыш тууралуу кабар бербөө» беренесине алмаштыруу үчүн ири көлөмдө пара алган деп шектелүүдө.
Мындан тышкары Талгар райондук сотунун жана Алматы облустук райондор аралык сотунун судьялары да пара алган деп шек саналууда.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Талгар райондук сотунун судьясы «кичинекей баланын жыныстык кол тийбестигине каршы өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга карата» көрүлө турган медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын түрүн өзгөртүп берүү үчүн акча алган. Райондор аралык соттун судьясы «салык үчүн миллиарддаган карызы бар эки компанияны банкрот деп таануу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн» ишкерлердин биринен пара алган.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсүндө шектүү судьялардын аты-жөнү жана алар мындай кадамдарга качан барганы так көрсөтүлгөн эмес.
Казакстанда жарандар адилетсиз сот чечимдерине нааразы болгон көрүнүштөр аз эмес. Акыркы жолу кызуу талкууга алынган учур быйыл июлда Жибек Жолу айылында беш жаштагы кыздын өлтүрүлүшү болду. Бул иш боюнча айыпталып жаткан адам буга чейин коңшусуна балта менен кол салганы үчүн кармалып, эркиндиги үч жылга чектелген. Ага чейин адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылып, 10 жылга соттолгон.