• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алматыда Кытай консулдугунун алдында нааразылык өтүп жатканына 50 күн болду

30 Жалган куран 2021 9:16 Бишкек Govori.TV

Алматыда Кытайдын Шинжаңдагы саясатын сындап, туугандарын бошотууну сурагандардын нааразылык акциясы 50 күндөн бери уланууда. Кар аралаш жааган жамгырга карабай, дүйшөмбү күнү Кытай консулдугунун алдына 10дой аял чогулду. Дагы экөө аларды колдоо үчүн келди.

Каршылык акциясына дайыма катышып жаткан Фарида Кабылбек маанайлары чөккөнүнө карабай, беттегендеринен кайтпай турганын билдирди. Анын айтымында, Кытайда кармалган күйөөсү Рахыжан Зейноллуну Үрүмчүгө алып келишкен.

«50 күндүк жумуштан бираз натыйжа чыкты го деп ойлойм. Анткени жолдошум келерки жумада колуна паспортун аларын айтты. Ал визага арыз жазды. Эми аны учакка отургузушабы, чек арадан өткөрүшөбүз же жокпу, кийинки маселе – ушул» – деди Фарида Кабылбек.

Акцияга катышкан башка аялдар Кытайдагы туугандарынан кабар алыша элек. 70 жаштагы апасын бошотууну өтүнгөн Гүлпия Казыбек консулдук алдына пикетке чыкканы үчүн Кытайдагы инисине эскертүү берилгенин айтты.

Казакстан полициясы пикетке чыккандарды консулдуктун дарбазасына жакындатпай, бери дегенде 50 метр оолак кармоодо.

Кытайда 1,5 миллионго жакын казак жашайт. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына отурукташкан. Бул аймакта уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын «лагерлерде» негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Количество просмотров: 82