• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алматыда митингге чыккандар 10 сааттан ашык полициянын курчоосунда турушту

1 Жалган куран 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

28-февралда Казакстандын бир катар шаарларында авторитардык бийлик системасына каршы нааразылык акциялар өттү. Алматыда казак полициясы «кеттлинг» ыкмасын колдонуп, жыйындын катышуучуларын дээрлик 10,5 саат курчоого алды. Акциянын катышуучулары түнкү саат 22.30да гана бошотулду.

Активисттер дароо тарап кетишкен жок, алар тарапташы Абзал Достияровду бошотууну талап кылып, Алматы шаарынын Бостандык райондук полиция бөлүмүнө барышты.

Курчоодогу Абзал Достияров кечке маал полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага кандай айып тагылып жатканы белгисиз, бирок кармалганга чейин ал мурдагы президент Назарбаевдин режимин сындап жүргөн.

28-февралда Балбан Шолак атындагы сарайдын алдында «Казакстандын демократиялык партиясын» түзүүнү демилгелеген Жанболат Мамайдын 40-50дөй тарапкерлерин полиция курчап алган.

«Кеттлинг» («казанчага» камалоо) деп аталган мындай чет элдик ыкманы казак полициясы акыркы кезде байма-бай колдонуп, митингчилерди бир нече сааттап курчай турган болду.

Окуяны чагылдырган журналисттерди полиция курчоодо тургандарга жакын жолотушкан жок. Бирок нааразылык чарасына каршы экенин билдирген айрым адамдар кеттлингде тургандарга жакын барышып, “Мамай — уятсыз!” деп кыйкырып кетип жатты.

Ал эми митинг өткөрүү пландалган дагы бир жай — Алматыдагы Горький сейилбагы — «санитардык күн» деген түшүндүрмөгө ылайык жабык турду. Бирок оппозициянын тарапкерлери анын жанына чогулган маалда, полиция алардын өкүлдөрүн күч менен кармап кетти.

«Саясий туткундарга боштондук!», «Назарбаев — диктатор!» деп ураан чакырган адамдардын 50дөйү дал ушул жерде кармалганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 125