• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алматыда сот аткаруучуларга ок аткан жаран камалды

24 Аяк оона 2021 9:37 Бишкек Govori.TV

Алматыда үй-бүлөсүн турак жайынан мажбурлап чыгарууга келгендерди атып өлтүрүүгө шектелип жаткан 54 жаштагы шаар тургуну Игорь Дужнов эки айга камакка алынды.

Мындай чечимди 23-сентябрда шектүүнүн бөгөт чарасын караган Алматынын адистештирилген тергөө соту кабыл алды.

Дужновдун адвокаты соттон аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Өз кезегинде прокурор шектүү жашырынып же тергөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн деп, аны камакка алууну сураган.

Сотко видеобайланыш аркылуу катышкан Дужнов кылганына «өкүнүп жатканын» айтып, ошол маалда «өзүн билбей калганын», аны мындай абалга «мыйзамсыздык» жеткиргенин билдирди. Ал мындан башка көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

20-сентябрда Алматынын Алатау районунун тургуну үй-бүлөсүн жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келген адамдарга ок аткан. Жыйынтыгында эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу, үйдүн жаңы ээси жана аны менен чогуу келген таанышы каза болгон.

Полиция шектүү өзүнө катталган аңчылык куралдан ок атканын кабарлады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, кылмышка шектүү жаран бир нече жыл мурун банктан насыя алып, кыймылсыз мүлкүн күрөөгө койгон. Төлөй албагандан кийин, банк мүлктү тартып алган.

Количество просмотров: 38