• Дүйшөмбү 19 Чын куран 2021

Алматыда топтолуп “ооз ачууга” жана жума намазга чогулууга убактылуу тыюу салынды

28 марта 2021 в 12:19 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарында 21-мартта бир жумага киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтү 12-апрелге чейин узартылды.

Шаардык бийликтин жаңы буйругу менен Орозо айында “ооз ачтыруу” жөрөлгөсүн көп киши чакырып өткөрүүгө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына он кишиден ашык чогулууга тыюу салынды.

Жума намазына мечиттерге жана чиркөөлөрдө жекшембилик жыйынга чогулууга да уруксат жок.

Мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан окууга өтүшөт.

26-мартта Алматыда коронавирустун тез жайылуучу жаңы түрү аныкталган.

Калкынын жалпы саны 19 миллионго чамалаган Казакстанда COVID-19 вирусу 289 миң адамга жукту, алардын 3 миңден ашууну каза болду.

Оору жуккандардын 13 миңге жакыны Алматы шаарында. Бул калаа оорунун жайылышы боюнча “кызыл зонада” турат. Илдетке каршы эмдөөдөн өткөндөр Алматыда 12 миңдин тегерегинде. 

Количество просмотров: 70