• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алматыдагы жер көчкү: 4 киши каза болду

8 Бирдин айы 2024 16:04 Бишкек Govori.TV

Алматыда жер көчкү басып калган үйдөн каза болгон төрт кишинин баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди.

«Жалпысынан кырсык болгон жерден төрт адамдын сөөгү табылып, сыртка чыгарылды. Алар 1984-жылкы эркек, 1980-жылкы аял жана он жети жаштагы эки өспүрүм», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Департаменттен билдиришкендей, кырсык болгон жердеги тазалоо иштерине учтуу нерселер, айнек, арматура жана башка буюмдар аралашкан ылайдын көптүгү, үйдүн кире беришинин тардыгы жана техниканы колдонууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу тоскоолдук кылууда.

Жер көчкү 8-февралга караган түнү саат 2:20ларда Тау-Самал кичи районунда катталган. Жыйынтыгында бир жеке турак үй толугу менен талкаланып, дагы бирөө жарым-жартылай зыянга учураган.

Количество просмотров: 257