• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү

17 Бирдин айы 202613:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү аталган унаа жолдун 291-чакырымындагы Кара-Үңкүр капчыгайына түшкөн.

Учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө. Жеринде Жол тейлөө ишканасынан техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдɵ.

Количество просмотров: 118