• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң-Ашууда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

5 Жетинин айы 202517:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматы өлкөнүн тоолуу аймактарында күтүлүп жаткан кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 5-ноябрдан 7-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 132