• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү

11 Бирдин айы 202617:11 Бишкек Govori.TV

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү жолдун 93-101-чакырым аралыктарына 5 жерден түшүп, учурда көчкүнүн көлөмү такталууда.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн «Жагалмай» ЖЧКсынан 4 жүктөгүч тартылып, жолду ачуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, аба ырайынын шарттарына байланыштуу Чаткал районунун акиминин тескемесинин негизинде аталган унаа жолго бүгүн, 11-февралда аба ырайы турукташканга чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Теги:
Количество просмотров: 115