• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

3 Теке 202213:18 Бишкек Govori.TV

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат.

Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда. Учуу убактысы 40 мүнөт.

Количество просмотров: 156