• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Алматыдан Ысык-Көлгө кошумча аба каттамдар көбөйтүлдү

15 Теке 202214:45 Бишкек Govori.TV

Алматыдан Ысык-Көлгө кошумча аба каттамдары ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Алматы-Тамчы-Алматы» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. SCAT авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарып жатат.

Буга чейин айтылуу авиакомпания Алматыдан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттамдарды дүйшөмбү жана жума күндөрү гана аткарып келген.

Количество просмотров: 134