• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Манас» аба майданы Qazaq Air авиакомпаниясынын биринчи учагын кабыл алды

12 Аяк оона 2023 9:23 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропорту Алматыдан QAZAQ AIR авиакомпаниясынын биринчи учагын кабыл алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Бишкек багыты боюнча 41 жүргүнчүсү менен «Манас» эл аэропортуна конду. Каттам жумасына 2 жолу аткарылат — жума жана дүйшөмбү күндөрү.

Каттамдар 11-сентябрда аткарылып башталса, билеттер бүгүнтөн баштап сатыла баштады. Шаарлар ортосундагы каттамдар заманбап, ыңгайлуу De-Havilland Dash 8-Q400 авиакемелери менен жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү (жергиликтүү убакыт боюнча) аткарылат. Билеттерди flyqazaq.com расмий сайтынан сатып алсаңыздар болот.

Кошумчалай кетсек, QAZAQ AIR – маршруттук тармагы кеңири казакстандык авиакомпания. QAZAQ AIR авиакомпаниясы Казакстандын шаарларынан Баку, Омск жана Екатеринбургга эл аралык түз жана байланыш каттамдарын аткарат.

Количество просмотров: 65