Бүгүн, 24-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Президент тарабынан сунушталган Калыбаев Алмаз Жээнкуловичтин талапкерлиги каралды.
Талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев кеңири маалымат берип, Алмаз Калыбаев соңку жылдары Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келгендигин билдирди.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Алмаз Калыбаевдин талапкерлигин колдоп берди.
Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган Маматкеримов Урмат Таалайбековичтин талапкерлиги каралып, жактырылды.