• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Махабат Тажибек кызынын ишин карайт

26 Үчтүн айы 202617:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот 2-февралда Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын ишин карайт. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУнун чечимине байланыштуу анын адвокаты Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлоруна тиешеси бар экени айтылган 11 журналистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 136