• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку сот Бакировду актоо чечимин чыгарды

18 Бугу 202612:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду актоо чечимин чыгарды. 

2023-жылы декабрда Ноокат райондук соту Өмүрбек Бакировду “2021-жылдагы Жогорку Кенешке шайлоодо добуш сатып алган” деген айып боюнча күнөөлүү деп таап, 200 миң сом айып пул салган. Ош облустук соту 2024-жылдын март айында чечимди күчүндө калтырган.

БШК 2023-жылы 26-августта Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Количество просмотров: 129