Жогорку сот Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын ишин 3-мартта карай турган болду.
2-февралдагы процессте иш боюнча материал көп экени, таанышып чыгууга убакыт керектиги белгиленди.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.
Булак: Азаттык.