Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.А
Мамбетов Алмаз Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эске салсак, буга чейин Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп эмгектенген.
Алмаз Мамбетов 2017-жылы Балыкчынын мурдагы башчысы Сатыбек Шамшудиновди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркутуп жаткан аудио жазуу тараган. Шамшудинов телефон сүйлөшүүнү өзү жаздырып алганын, маектеши Мамбетов экенин ырастаган.
Сатыбек Шамшудинов телефон сүйлөшүүлөрдү териштирүүнү сурап, Балыкчы шаардык милициясына, сотко, президентке, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына кат жүзүндө кайрылган.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Балыкчы шаарынын мэрине байланышкан маселени атайын комиссия териштирерин убада кылган. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгону белгисиз.
Ушул иш боюнча Балыкчы шаардык соту мэр Алмазбек Мамбетовду күнөөлүү деп таап, аны 2000 сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.