• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алмаз Сманбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

13 Чын куран 2023 13:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Сманбеков 57 салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Кыргыз балбаны жарым финалда монголиялык Занабазар Занданбудга каршы килемге чыгып, аны 8:6 эсебинде утуп алды.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.

Количество просмотров: 91