• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Алмаз Турдумалиев Эсептөө палатасынын аудитору болуп дайындалды

10 Чын куран 202518:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын аудитору кызматына шайлоо үчүн Алмаз Турдумалиевдин талапкерлиги каралды.

Парламенттен билдиришкендей, Алмаз Турдумалиевди аталган кызматка «Ынтымак» фракциясы сунуштаганын, фракция лидери Марлен Маматалиев билдирип, талапкер тууралуу маалымат менен тааныштырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Алмаз Турдумалиев Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланып, Жогорку Кеңеште ант берди.

Количество просмотров: 294