• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алмазбек Атамбаев аянттагы эгемендик майрамына катышпайт

30 Баш оона 201822:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 31-августта Бишкек шаарынын борбордук аянтында эгемендиктин 27 жылдыгын майрамдоого катышпайт. Бул тууралуу Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Ал муну мурдагы мамлекет башчысынын ден соолугу жол бербегени менен түшүндүрдү:
— Алмазбек Шаршенович Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 31-август — Эгемендүүлүк күнүн үй-бүлөсү менен белгилейт. Тилекке каршы, жакында кармаган оорусу Алмазбек Шаршеновичке Ала-Тоо аянтында өтө турган расмий иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк бербейт. Анткени жакында анын радикулит оорусу кармап калды. Ошондон улам адистер ага узакка созулган иш-чараларга катышпай кое турууну сунуш кылышкан, — деди Жолдубаева.
Ал эми мурдагы президент Роза Отунбаева майрамдык иш-чараларга келе турганын “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун жетекчиси Доктургүл Кендирбаева ырастады.
Количество просмотров: 59