• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алмазбек Атамбаев Москвага эмнеге кетип жатат?

22 Тогуздун айы 2018 13:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышат. Бул тууралуу бүгүн КСДПнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 24-27-октябрда Москва шаарында өтөт. Анда Азия, Африка, Латын Американын партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү экстремизмге каршы күрөшүү маселесин талкуулашат. Ошону менен катар эле суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө маселелери боюнча тегерек стол өтөт.

Ал эми 22-23-октябрда Алмазбек Атамбаев бир тууган жеңеси Шаршенованын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Санкт-Петербург шаарына барып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат.

28-октябрда Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарына кайтып келет.

 

Количество просмотров: 27