Бишкек.07.04.2018.Govori.TV.
КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев бир аз тумоолоп калгандыгына байланыштуу «Ата Бейитте» болгон иш-чарага бара албай калды. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан маалымдашты.
Эскерте кетсек кечээ Президенттин басма-сөз кызматы «Ата Бейит» мемориалдык комплексинде болчу «7-апрель Элдик революцияда» курман болгондорду эскерүү иш чарасына экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев чакырылганын маалымдаган. Бирок бүгүнкү иш-чарага Алмазбек Атамбаев келбей койду.