• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Алмазбек Атамбаев сурак берүүгө барбай турганын айтты

8 Теке 201920:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Ал күбө катары чакырылганын ИИМдин басма сөз кызматынан бидиришүүдө.

Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришти. Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.

Бирок Атамбаев суракка барбай турганын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында азыркы бийликке мыйзамдык талаадан чыгып, ага карата бардык иштер токулган. Ошондуктан тиешелүү суроолор боюнча өзүнүн юридикалык өкүлү Сергей Слесаревге кайрылууну сунуш кылды.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Количество просмотров: 12