• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Алтайда сууга чөгүп каза болгон инструктордун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

5 Баш оона 202117:21 Бишкек Govori.TV

Алтай Республикасынын Катун дарыясында рафтинг учурунда каза болгон Кыргыз Республикасын жаранынын сөөгү Кыргыз диаспорасынын жардамы менен Кыргызстанга 4-августунда жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-июлунда Башкы консулдукка Алтай Республикасындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн “Мастерафт” компаниясында рафтинг боюнча инструктор болуп иштеген 1996-ж.т. Кыргыз Республикасынын М.С. атуу жараны Катун дарыясынын Телдекпень-2 аймагында рафтинг учурунда чөгүп кетип, анын сөөгү изделип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү полиция жана өзгөчө кырдаалдар органдары менен биргеликте аталган жаранды бир нече күн издешкен, бирок сөөгүн таба алышкан эмес. 30-июлда эс алууда жүргөн туристтердин бири М.С. атуу жаранынын сөөгүн Еланда аймагынын Катун дарыясында табып, полицияга билдирген.

«Кыргыз диаспорасынын жардамы менен аталган жарандын сөөгү Кыргызстанга 2021-жылдын 4-августунда жөнөтүлгөн. Башкы консулдук тарабынан Кыргызстанга «Жүк 200» жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн 70 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилген»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанданы жараны каза болгон окуянын иликтенишин Башкы консулдук көзөмөлдөп жатат. РФнын ТИМнин Барнаул шаарындагы Өкүлчүлүгүнө, Алтай Республикасынын тергөө жана көзөмөлдөө органдарынын башчыларынын дарегине иштин тергөөсүн көзөмөлгө алуу өтүнүчү жөнүндө Башкы консулдуктун кайрылуулары жөнөтүлгөнү айтылды.

Буга чейин ЖМКларда тоолуу Алтайда кыргызстандык инструктор Марсел Сталбеков көз жумганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Количество просмотров: 138